super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык жасалгалоо иштери башталды

 

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык жасалгалоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, быйыл балаты түндүк тарапка коюлуп, эс алуу жана сүрөткө түшүү үчүн орун көбөйтүлөт. Электр жарыгын үнөмдөө жана коопсуздук талаптары боюнча атайын план түзүлдү.

"Жасалгалоодо мурдагы материалдар колдонулат, бирок быйыл балаты үчүн жаңы, энергия үнөмдөгөн гирляндалар алынат. Толук жасалгаланган балаты 53 киловатт энергия сарптайт. Бизнес өкүлдөрүнүн жардамы менен бюджетке кошумча чыгым болбойт. Муз аянтчасы былтыркыдан кенен болуп, 1400 чарчы метрге чейин чоңойтулат. Ал жер 30 киловатка чейин электр энергиясын талап кылат. Эс алуу зонасы жана фуд-зонада кичинекей үйлөрдүн саны 36дан 14кө кыскартылды, ар биринин электр жүгү эки эсе азайтылды. Монтаж иштери жүрүп жатат, кызматкерлерге жакшы шарт түзүлгөн. Ала-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалгаланышы салттуу түрдө заманбап элементтерди, майрамдык маанайды жана улуттук стилди айкалыштырат. Бардык иштер декабрдын ортосуна чейин бүтүрүлөт",- деп билдирди мэрия.

Аянтта кооздолгон зоналар саат 22:00гө чейин иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: