Instagram Австралияда өспүрүмдөрдүн аккаунттарын жабат
Австралияда 16 жашка чейинкилерге социалдык тармак колдонууга тыюу салынары алдында Instagram, Facebook жана Threads 13-15 жаштагы колдонуучуларга аккаунттары өчүрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Meta 4-декабрдан тартып жашы 16дан төмөн эсептерди жаба баштайт, толук тыюу 10-декабрда күчүнө кирет. Жаңы мыйзам TikTok, YouTube, X жана Reddit сыяктуу башка платформаларды да камтыйт.
Өлкөдөгү интернетти көзөмөлдөө органы 13-15 жаштагы 150 миң Facebook жана 350 миң Instagram колдонуучусу бар экенин билдирди. 4-декабрдан кийин 16 жашка чейинкилер жаңы аккаунт ача алышпайт. Meta жаш колдонуучуларга маалыматтарын жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн берип, жашын тастыктагысы келгендер үчүн видео селфи же расмий документ жөнөтүү опциясын сунуштады.
Мыйзамды бузган платформалар 50 миллион австралия долларына (34 миллион доллар) чейин айып пулга жыгылышы мүмкүн. Roblox да жаш курак саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип, 16 жаштан кичүүлөргө чоңдор менен чатта сүйлөшүүгө тыюу сала турганын билдирди. Социалдык тармактарга салынган тыюу Facebook, Instagram, TikTok, X жана YouTube сыяктуу негизги платформаларды камтыйт, ал эми Discord, Messenger жана WhatsApp сыяктуу сервистер чектөөдөн тышкары калды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















