Жаңы "Азаттык Арена" стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин даяр болот
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы стадион - "Азаттык Аренанын" курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун басма сөз кызматынан билдиришти.Ал объектти кыдырып көрүп, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди. Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы ыргак менен жүрүүдө. Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат.
Президенттин иш башкаруучусу белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура бирдикте жүрүп жатат. Бардык негизги багыттар бир убакта аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок.
Туманбаев долбоордун өзгөчөлүгүн дагы баса белгиледи: стадиондун курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат, мындай формат көп өлкөлөрдүн ареналарында да кездешпейт.
Иш сапардын жыйынтыгында Каныбек Туманбаев: "Жаңы “Азаттык Арена” стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болот",- деп билдирди.
Жаңы "Азаттык Арена" стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин даяр болот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















