super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тармакты өнүктүрүүнүн жаңы этабы: Beeline баалуу жыштык ресурсуна ээ болду

 

Beeline Кыргызстан мамлекеттик мобилдик оператору («Элдик Банк» ААК аркылуу мамлекетке таандык) 2575-2625 МГц радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна ээ болду. Бул спектр – мобилдик интернетти өнүктүрүү үчүн акыркы жеткиликтүү жана эң баалуу диапазондорунун бири.

Beeline КРнын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан өткөрүлгөн радиожыштыктар боюнча ачык онлайн аукционун утуп алды.

Бул жыштык ресурсу өтө маанилүү ролду ойнойт: ал тармактын өткөрө алгычтыгын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын бир топ жогорулатууга жана көп күч келген аймактарда да байланышты туруктуураак кылууга өбөлгө түзөт. Компания жыштыктарды ишке киргизүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө, ал эми жаңы жабдуулар иштей баштаганда, абоненттер байланыш сапатынын бир топ жакшырганын сезе башташат.

Бул жыштыктар – Beeline'дын инфраструктураны модернизациялоого жана жаңы муундагы технологияларга өтүүгө багытталган жаңы стратегиясындагы маанилүү кадам. Ошондой эле, бул жетишкендик – оператордун мамлекет менчигине өтүүсүнүн алгачкы маанилүү натыйжасы: улуттук телекоммуникациялык инфраструктура бекемделип, Beeline менен Элдик Банктын бирдиктүү санариптик экосистемасы өнүгөт.

Beeline мындан ары да кыргызстандыктарга заманбап санариптик технологияларды тартуулоо максатында өз тармагын кеңейтүү жана жаңыртуу иштерин уланта бермекчи.

Beeline – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: