Израилдин Газага жасаган соккусунан 25 адам каза тапты
Израил Газа секторундагы объекттерге бир катар соккуларды жасап, натыйжада кеминде 25 адам каза болду. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин The New York Times басылмасы жазды.
Израил армиясынын билдирүүсүнө ылайык, соккулар ХАМАСтын Хан-Юнис аймагындагы позицияларды аткылоосуна жооп катары жасалган. Палестиналык топ бул дооматтарды уланып жаткан кылмыштарды актоого аракет кылуу деп сыпаттап, АКШдан Израилге басым көрсөтүүнү суранды.
Газанын жарандык коргоо кызматкерлери билдиргендей, 10 адам Газа шаарында каза болгон. NYT кошумчалагандай, октябрь айынын ортосундагы келишим күчүнө киргенден бери Израил менен ХАМАСтын кагылышуусунан 280ден ашык палестиналык набыт болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:02
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















