Элкарт + жана BAKAI’дан айлык алган кардарларга максималдуу пайда — 5% кешбэк

BAKAI Элкарт + картасын алып жүргөн айлык акы долбоорлоруна катышкан кардарларга өзгөчө шарттарды сунуштайт. Бул — заманбап технологиялар, коопсуздук жана пайдалуу бонустардын айкалышы.
Ар бир сатып алуудан 5% кешбэк
Эми айлыгын банк аркылуу алып жүргөн кардарлар Кыргызстандын аймагындагы дүкөндөрдө же интернет аркылуу ЭЛКАРТ + картасы менен төлөгөн ар бир сатып алуусунан 5% кешбэк алышат.
Кешбэк жергиликтүү транзакциялар үчүн эсептелет, демек күнүмдүк сатып алуулар мындан ары бир нече эсеге пайдалуураак болмокчу.
Акциянын аракеттеги мөөнөтү: 2025-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин.
Элкарт + картасын алып жүргөн айлык акы долбоорундагы кардарлар үчүн тейлөөнүн өзгөчө шарттары каралган
- Жылдык тейлөө — болгону 100 сом
- Картаны акысыз чыгаруу
- Ар бир сатып алуудан НАКТАЛАЙ АКЧА ТҮРҮНДӨ 5% кешбэк
- Яндекс Плюс сервисине 60 күнгө акысыз жазылуу
- «Манас» аэропортунун бизнес залына атайын баа — 1 300 сом менен кирүү (кирүүлөрдүн саны чектелбейт)
- «Манас» аэропортунан жүктү таңгактоо болгону 400 сом (жылына канча жолу таңгактаганыңызга чек коюлбайт).
Бул шарттар Элкарт + картасын рыноктогу эң пайдалуу айлык акы карталарынын катарына кошот.
BAKAI Элкарт + карталарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү улантат. Тактап айтканда кардарлар төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
- накталай эмес төлөмдөрдө эң ыңгайлуу шарттар;
- BakAi мобилдик тиркемеси аркылуу каржыны жеңил башкаруу;
- кешбэктин эсептелишинин айкындуулугу;
- бардык транзакциялардын жогорку деңгээлдеги коопсуздугу.
BAKAI айлык кардарлар үчүн шарттарды мүмкүн болушунча пайдалуу кылууга умтулат.
Элкарт + — бул жөн гана карта эмес, жеке каржыңызды заманбап, оңой жана коопсуз башкарууга жасалган чоң кадам.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















