Ырчы Асема жолдошунун кармалышы боюнча Камчыбек Ташиевге кайрылды (видео)
Белгилүү ырчы Асема Токтобекова жолдошу Акжол Нишановдун кармалышы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.Маалым болгондой, 18-октябрь күнү Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан Нишанов шектүү катары кармалып, камакка алынган.
"Жолдошум көмүскөдө жүргөн адам эмес, ал журналист. Анын баскан турганы жана кандай адам экени көпчүлүккө маалым.
Акжол ошол күнү блогерлер чыгарган видеонун негизинде эле, териштирүүсү жана фактысы жок, бир гана ооз блогердин видеосундагы өмүрү таанышып көрүшпөгөн адамдардын көрсөтмөсү менен кармалып кетиптир. Ал эч качан сиздин атыңызды сатып акча жасоочу адам эмес болчу. Сиздин ысымыңызды ал сыймыктануу менен айтчу, эгер жамандаса же сатса мен укмакмын. Акжолго коюлуп жаткан негизги жалаа “Ташиевдин атын сатып акча алышкан” деген берене болууда.
Бул ишти кыскача айта кетсем, арыз жазган адамдар мындан 2 жылдай убакыт мурун Ички иштер министрлигине 9 миллион сом алдамчыларга алдатып жибергендиги боюнча кайрылып, иш каралбай токтоп, жылбай калат. Муну түшүнгөн, акчаны өндүрө албаган тарап дароо УКМКга арыз жазышат дагы, менин жолдошумдун аты-жөнүн кошуп жазышат. Алардын айтымында Акжол ошол акчаларды алып жатканда кафеде отурган экен. Кафеге кимдер гана тамактанууга кирбейт?
Камакка алынган соң, тергөөдө Акжол менен кошо камакка алынган аял бардык күнөөнү моюнуна алып, эч кандай Акжолдун алардын арасында жок экенин айтыптыр. Ал алдамчылыкты мойнуна алган Коңурбаевадан арыз ээлери акчаны өндүрө албай турганына көздөрү жетип, "сиздин, президенттин аттарын жамынып алдаган" деген жалган-жалааны атайын кошуп, УКМКнын, соцтармактын бардык күчүн колдонуп, тиешеси жок адамдан эптеп акча өндүрүү жолуна түштү. Эгер Акжол кылмышта бар болсо, ушул күнгө чейин эмнени күтүп жатышты? Сиз дайыма адамдын убал-сообу жаман деп айтасыз. Күйөөмдүн убал-сообу кимге? Анын азыр жумуштан чыгып калуу, чет өлкөгө чыга албоо, коомчулуктун алдында бетине көө жабылып, ак жеринен күйүп отургандагы азабынын убал-сообу кимге? Кудайдан кийинки ишеним сизде, күйөөмдүн ишин териштирип берүүңүздү суранам.
Күйөөм ал кылмыштын арасында бар болсо, эмнеге 2 жыл мурун милицияга арыз жазып жатышканда кошо тиркеп, суракка чакырылган жок? Эптеп акчаны өндүрүп алуу үчүн “Ташиевдин, президенттин атын сатып акча алган” деген жарлыкты жармаштырып коюшкан. Чындыгында акча алганы жана сиздин атыңызды жамынганы боюнча аудио, видео, жада калса күбөлөр дагы жок. Тигил жабырланган тарап же мени же Акжолду таанышпайт экен. Сот ишти кечээ карап, күйөөмдүн камактагы мөөнөтүн эки айга узартып койду. Мен тергөөнүн акыйкатуулугун күтүп камактан бошотот го деп күтүп жаткам.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен сизге ишенем, Акжолдун ишин калыс карап бериңиз. Эгер ошол акчага тиешеси бар болсо, мен дагы жазадан качуусун каалабайм. Бирок жогоруда айтып кеткендей, бир дагы жолу аралашкан эмес жана атыңызды атаган эмес. Биз өз мээнетибиз менен жашаган үй-бүлөбүз. Балдарым Москвада, мен Бишкекте, алып келүүгө мүмкүн эмес болуп олтурам. Биздин бүлөнүн жалгыз тиреги - бул атабыз болчу. Акыйкат тергөө болсо, анын акталып кетүүсүнө, сиздин бул ишти көзөмөлдөп акыйкат карай турганыңызга ишенем, сизден акыйкаттуулук күтүп жатам. Акырында сизден калыс иликтөө жүргүзүп, күнөөсүз адамдын жоопко тартылып кетүүсүнө жол бербөөңүздү суранам",- деп айтылат ырчы айымдын билдирүүсүндө.
Ырчы Асема жолдошунун кармалышы боюнча Камчыбек Ташиевге кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
10:50
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















