Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болжол менен күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө 19-ноябрда, саат 23:55те катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Коммуна айылынан батышка карай 7 чакырым, Ак-Суу айылынан түштүк-батышка карай 10 чакырым жана Разаков шаарынан түштүк-батышка карай 16 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Суу жана Коммуна айылдарында 2 баллды түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















