Үч астронавт космостон Жерге кайта албай жатышат. Эмнелер маалым?
Дүйнөнүн орбитасында айланып турган Tiangong космостук станциясындагы үч кытайлык астронавт: Чжан Лу, У Фэй жана Чжан Хунчжан кайтуу капсуласынын бузулушунан улам Жерге кайра кайта алышпай жатат. Shenzhou 21 миссиясынын жалгыз кайтуу аппараты ноябрдын башында космостук калдыктарга сүзүлүп, жабыркаган. Кытайдын космос агенттиги (CMSA) бул кырсык "өтө майда космостук урандылар" менен кагылышуудан болгонун, сокку капсуланын терезесине жарака түшүргөнүн билдирди.

Резервдик аппарат учурулушу мүмкүн
CMSA коопсуз резервдик кайтуу каражатын жөнөтүү үчүн шашылыш түрдө иш жүрүп жатканын маалымдады. Расмий кайтуу күнү айтыла элек, бирок учуу жазуулары 25-ноябрда жаңы аппараттын учурулушу күтүлөрүн көрсөтөт. Ошол убакка чейин үч астронавт станцияда калууга мажбур. Айрым адистер күтүү узарган сайын коркунучтар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет. Мурдагы нөөмөттөгү үч астронавт ишенимдүү кайтуу капсуласы менен Жерге кайтып кеткен. Алардын станцияда калтырылбаганынын себеби так айтылган жок, бирок мурунку миссиянын кечигүүсүнөн улам ресурстар азайып кеткен болушу мүмкүн деген божомол бар.

Окуя буга чейин да кайталанган
Бул - акыркы эки жылда астронавттардын космосто кармалып калышы боюнча катталган экинчи учур. NASA'нын астронавттары Буч Уилмор менен Сунии Уильямс техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 8 күнгө пландалган миссиясын 9 айга узартып, акыры март айында гана Жерге кайта алышкан. RAND корпорациясынын инженери Ян Осбург бул окуяны "чоң эскертүү" деп атап, "абал өтө кооптуу, астронавттар мүмкүн болушунча тез, аман-эсен кайтып келишсе экен" деп билдирди.

Космостук калдыктардын өсүп жатканы коркунуч жаратат
Дүйнө орбитасында космостук калдыктардын көбөйүшү кагылышуу коркунучун барган сайын күчөтүүдө. 2021-жылы космостук урандылар Эл аралык космос станциясынына зыян келтирген. Акыркы жылдары ISS бир нече жолу космостук калдыктарды айланып өтүү үчүн манёвр жасоого мажбур болгон. Зыяндын деңгээли толук белгисиз бойдон калууда, бирок бүт дүйнө үч астронавттын аман-эсен кайтып келишин күтүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















