super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

NBC News: Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планды колдоду

 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн 28 пункттан турган планды колдоду. Бул тууралуу NBC News басылмасы жазды.

Маалым болгондой, бул планды түзүүдө Трамптын өкүлдөрү Орусия президентинин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев жана украиналык расмий өкүлдөр менен кеңешкен.

NBC News булактарынын маалыматы боюнча, план түзүүдө АКШ тараптан Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф, вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер иш алып барган.

"План эки тарапка тең туруктуу тынчтыкты камсыздоо үчүн коопсуздук кепилдиктерин берүүгө багытталган. Ал Украинага керектүү жана туруктуу тынчтыкка жетүүгө жардам бере турган нерселерди камтыйт",- деп айтылат макалада.

Бирок бул Киевге кандай кепилдиктерди бере турганы ачыкталган жок.

Буга чейин Axios, Reuters, Financial Times жана башка басылмалар өз булактарына таянып, планда Москвага олуттуу жеңилдиктерди берүү каралышы мүмкүндүгүн жазышкан. Алардын ичинде Украинанын Донбасстын айрым бөлүгүнөн баш тартуусу, украин армиясын кыскартуу жана башка шарттар бар экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: