super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки жигит кармалды

 

Бишкекте ири өлчөмдөгү интернет алдамчылыгына шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, 14-ноябрда К.Т. аттуу жаран Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына арыз менен кайрылган. Анда кылмышкерлер белгисиз номурлардан телефон чалып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, 973 миң 900 сом акчасын ээлеп алышканы айтылат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Натыйжада шектүү катары 2004-жылы туулган И.Д., жана 2003-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган шектүүлөр банк карталарын “Telegram” каналы аркылуу сатып алып, алдамчылык схемасына жол берип, кылмыштуу кирешелерди накталай акчага айлантууга шарт түзүп беришкени аныкталган. Учурда бул онлайн алдамчылык схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: