Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Ислам оюндарында 3-орунду камсыздады
Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча Ислам оюндарынын командалык эсебинде 3-орунду багындырды. Беттештер 18-19-ноябрда Сауд Арабиясында өтүп, 6 медаль топтому ойнотулду.
Кыргызстандын курамасынан 5 балбан катышып, 73 упай топтой алды. Жалпысынан мелдешке 16 өлкөнүн курама командалары катышты.
Айта кетсек, Ислам тилектештиги оюндарында кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медаль утса, Асан Жанышов менен Раззак Бейшекеев коло медаль тагынышты. Калган эки балбан биринчи айлампада жеңилүү ызасын тартты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:13
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















