Оштогу "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" ишканасы жаңы имараттуу болду
Бүгүн Оштогу "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин кызматкерлери катышты.
Жаңы курулган имараттын жалпы аянты 7304 чарчы метр, курулуш көлөмү 4096 чарчы метр. Анын ичинде административдик имарат, чарбалык жай, суу кампасы, ашкана, кампа, автоунаа жуучу жай, жуунучу, автоунаа токтотуучу жайлар жана аларга арналган навес сыяктуу толук шарттар каралган.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Иш-чаранын жүрүшүндө мэр ишкана жетекчисине кызматтык автоунаа тапшырды.
Жеңишбек Токторбаев жыл башында муниципалдык ишканалар менен таанышуусун ушул жайдан баштаган. Имаратынын абалын, андагы түзүлгөн шартты көрүп жаңыдан куруу тапшырмасын берген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















