Малайзияда эки жашар баланы уулуу медуза чагып алгандан кийин каза болду
Малайзияда эки жашар орусиялык бала уулуу медуза чагып алгандан кийин каза болду. Бала төрт күн реанимацияда жаткан, бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Хабаровск шаарынан келген үй-бүлө Лангкави аралында эс алып жүргөн. Алар пляжга барышып, бала сууда сүзүп жүргөндө медуза чагып алган. Бала оорудан кыйкырып жиберген. Атасы аны жээкке алып чыккан. Бирок ал учурда уулу дем албай калган. Башка туристтер жана куткаруучулар да кошулуп, жараатты уксус менен жууп, аны Султанах Бахия ооруканасына жеткиришкен.
Бала оор абалда төрт күн реанимацияда жаткан, бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















