Жалал-Абад: Карл Маркстагы эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу уланууда (фото)
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Карл Маркс айылында эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Мектептин жалпы аянты 1376 чарчы метр. Жаңы мектепке чейинки 130 орундуу эски мектептин курулушу 14 жыл мурда башталып, 8 жылдан кийин гана бүткөрүлгөн. Бирок 6 жылдан кийин өрт кырсыгынан улам колдонуудан чыгып калган.
Ал эми жаңы мектептин курулушу 2025-жылдын июнь айында башталып, 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, президенттин фондунан каржыланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















