Айпери Медет кызы Ислам оюндарында жарым финалга чыкты
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сауд Арабиясында өтүп жаткан VI Ислам тилектештиги оюндарынын жарым финалына чыкты.
Ал 76 килограмм салмак категориясында күч сынашууда. Алгачкы эле беттешинде Медет кызы Рио олимпиадасынын коло байге ээси, казакстандык Элмира Сыздыкова менен кездешип, аны 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Буга чейин Абдумалик Карачов да жарым финалга жолдомо алган, ал эми Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.
Билал Шарип уулу болсо алгачкы беттешинде жеңишти тажикстандык спортчуга алдырып жиберди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















