super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактияр Калпаевге айып пул салынды

 

Бүгүн, 20-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы №2 шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактияр Калпаевдин шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандыгы боюнча арыздар жана билдирүүлөр боюнча жумушчу топтун материалдарын карап чыкты.

БШКнын юристи ырчы Самара Каримова социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу Баткен районундагы бир айылда талапкер Бактияр Калпаев менен шайлоочулардын жолугушуусу болорун жарыялап, (мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабай) концерт берерин билдиргенин маалымдады.

Жумушчу топ бул эреже бузуу үчүн Калпаевге 7500 сом айып пул салууну сунуштады.

БШКнын мүчөлөрү жумушчу топ сунуштаган чечимди кабыл алышты.

№2 шайлоо округу: Баткен районунун Кара-Бак, Суу-Башы, Төрт-Гүл жана Алтын-Бешик айылдык муниципалитеттери толугу менен; Айдаркен жана Кадамжай шаарлары жана Кадамжай районунун Актурпак, Молдо-Нияз, Бирлик, Майдан, Орозбеков жана Исхак-Полотхан айылдык муниципалитеттери толугу менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: