Индонезияга барууну пландаган туристтерге эскертүү берилди
Индонезиянын Ява аралында жайгашкан Семеру жанар тоосу кайра атылып, бийлик максималдуу коркунуч деңгээлин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жанар тоо бир нече чакырым бийиктикке күл бөлүп, тоо этектеринен ыссык газ, күл жана таштардан турган пирокластикалык агымдар түшкөн. Жергиликтүү тургундарга жана туристтерге кратерге 2,5 чакырымдан жакын барбоо боюнча катуу эскертүү берилди.
Эл аралык кызматтар жанар тоодогу активдүүлүккө байланыштуу кызыл авиа-код жарыялады. Австралиянын VAAC борбору Семеру чыгарган күл булуттары учактарга коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирип, авиакаттамдарда кечигүүлөр болушу ыктымал деп эскертти. Британдык FCDO Индонезияда 130га жакын активдүү жанар тоо бар экенин, алардын айрымдары алдын ала эскертүүсүз атылып кетиши мүмкүн экенин эске салып, туристтерди сак болууга чакырды.
Коопсуздук чаралары башка аймактарда да күчөтүлдү, бирок Балиге барууга азырынча тыюу жок. Флорестеги Левотоби Лаки Лаки, Суматрадагы Синабунг жана Марапи сыяктуу бир нече жанар тоонун айланасына кирүүгө чектөөлөр коюлду. Туристтерге жаңылыктарды байкап туруу, мүмкүн болчу рейс кечигүүлөрүн эске алуу жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















