super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилдерине болгон даярдыктар боюнча маалымат берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилдерине болгон даярдыктар пландын негизинде толук аткарылганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал ГЭСтер менен ЖЭБдерге оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

"Таш-Көмүр ГЭСинде бир гидроагрегат, Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир гидроагрегат капиталдык оңдоодон толук өткөрүлдү. Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтеринде дагы гидроагрегаттар быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми Токтогул ГЭСиндеги жалпы 4 гидроагрегат учурда толук иштөөдө. Бул жерде кошумчалай кетсем, Токтогул ГЭСин реаблитациялоо иши аягына чыкты. Бардык гидроагрегаттар алмаштырылгандан кийин кубаттуулук 240 МВтка көбөйдү. Буга чейин 1200 МВт болсо, азыр 240 МВт кошулуп, жалпы 1440 МВт кубаттуулукка жетти.

Үч-Коргон ГЭСинде дагы 4 гидроагрегат учурда толук иштеп жатат. Мындагы гидроагрегаттарды алмаштыруу иштери 2024-2025-жылдары жүргүзүлүп, 2 гидроагрегат жаңыга алмаштырылып, анын натыйжасында жалпы кубаттуулук 18 МВтка жогорулады. Ал эми калган 2 гидроагрегат 2026-жылы жаңыланат.

Бишкек, Ош жылуулук электр борборлорунда дагы быйылкы жылдын планына киргизилген оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Жыл башынан бери тиешелүү буу казандардын жана турбоагрегаттардын жылытуу мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн даярдалды.

Мындан тышкары “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасында аткарылган иштерге токтолсом. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 35-500 кВ жогорку чыңалуудагы 1320,9 чакырым узундуктагы электр өткөрүү чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ал пландан ашык аткарылды. Ал эми, 6-10-0,4 кВ электр өткөрүү чубалгысы 3 076,7 чакырым аралыкта оңдолуп, ал 99,3 пайызга аткарылды. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 50,5 МВА түзгөн 4 ири трансформатор жана 3 292 даана көмөк чордон оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары планга киргизилген жаңы курулуш жана реконструкциялоо иштери 100 пайыздан ашык аткарылды.

Республиканын аймактарындагы бардык муниципалдык жылуулук ишканаларында быйылкы жылга карата оңдоодон өткөрүү планына киргизилген иштер толук аткарылды жана бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп жатат", - деди ал.

Ошондой эле министр көмүр жана мазут менен камсыздоо маселесине да токтолду.

"Өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо үчүн өлкө боюнча 3 174,792 миң тонна көмүр камдалышы керек. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге 309,415 миң тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 203,54 миң тоннасы камсыздалды. Учурдагы план үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата 89 пайызга аткарылды.

Калкка 1 465,377 миң тонна керектелсе, бүгүнкү күндө анын 994,69 миң тоннасы камсыздалды. Учурдагы план үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата 96,6 пайызга аткарылды. Белгилеп кетүүчү жагдай, өлкөнүн бардык аймактарында ачылган социалдык көмүр сатуучу базаларга жана социалдык мекемелерге Кара-Кече кенинен биринчилерден болуп көмүр жеткирүү ишине артыкчылык берилген.

Учурда өлкө аймагында жалпысынан көмүр саткан 720 база иштеп жатат, анын ичинен “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган 144 социалдык база ачылган.

Бишкек ЖЭБине жалпы 1 400,0 миң тонна көмүр керектелет, толук камсыздоо иштери жүрүп жатат, учурда 20-ноябрга карата Бишкек ЖЭБинин кампасынын сыйымдуулугуна жараша жеткиликтүү 280 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар. Көмүрдүн кору былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көп, өткөн жылы бул убакытта кампада 242 миң тонна көмүр болгон.

Ош шаарынын ЖЭБине жалпы 23,0 миң тонна мазут керектелет, бүгүнкү күндө 20,8 миң тонна камсыздалды, былтыр бул көрсөткүч 12,9 миң тоннаны түзгөн", - деп кошумчалады Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: