Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысына "Достук" орденин тапшырды
Бүгүн, 20-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун негизги маселелери, аймактык коопсуздуктун абалы, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы жыйыны талкууланган.
Садыр Жапаров Кыргызстандын ЖККУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин ырастаган. Ал Кыргызстандын жамааттык коопсуздук механизмин чыңдоого кошкон туруктуу салымын белгилеген. Өз кезегинде ЖККУнун башкы катчысы иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгилеп, Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору баалаган.
Ал Кыргызстандын демилгеси менен биринчи жолу өткөрүлгөн, катышуучу мамлекеттердин заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатындагы жамааттык дараметин чыңдоого олуттуу салым кошкон киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанисин өзгөчө белгилеген.
Башкы катчы ошондой эле Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы жыйынына даярдык пландаштырылган тартипте жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде жүргүзүлүп жатканын ырастаган.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовдун мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде аны Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон "Достук" ордени менен сыйлаган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















