Садыр Жапаров Бишкекте "Алтай" шаарчасын куруу долбоорун баштап берди
Бүгүн, 20-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Алтай" шаарчасына мезгил кутусун салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Жапаров аталган долбоор кыргызстандык ишкерлер тарабынан ишке ашырылып жатканын белгиледи.
"Мынакей, бүгүн биз дал ошондой дагы бир кыялды ишке ашыруу үчүн жаңы шаарчаны түптөө үчүн мезгил кутусун салуу иш-чарасында турабыз. Тагыраак айтканда, “Алтай” шаарчасын куруу долбоорун ишке ашырууга кадам таштап, келечек муундарыбызга каалоо-тилегибиз менен кайрылуу калтырып, шаарчанын пайдубалын түптөөгө старт беребиз.
"Мынакей, бүгүн биз дал ошондой дагы бир кыялды ишке ашыруу үчүн жаңы шаарчаны түптөө үчүн мезгил кутусун салуу иш-чарасында турабыз. Тагыраак айтканда, “Алтай” шаарчасын куруу долбоорун ишке ашырууга кадам таштап, келечек муундарыбызга каалоо-тилегибиз менен кайрылуу калтырып, шаарчанын пайдубалын түптөөгө старт беребиз.
234 гектар аймакты камтыган бул шаарча заманбап шаар куруунун үлгүсү болуп саналат. Бул жерде 1551 даана 5 кабаттуу турак үй, жалпы 34 миңден ашуун батир, анын ичинде 1, 2, 3 жана 4 бөлмөлүү батирлер курулат. Жалпы курулуш аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. Мунун баары миңдеген үй-бүлөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоор шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тургундардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана экономикалык өнүгүүгө чоң салым кошот.
“Алтай” шаарчасы калкыбыздын турак жайга болгон муктаждыгын жоюу жана шаар инфратүзүмүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн иштелип чыкты. Бул жерде 5 орто мектеп, 6 бала бакча, 2 поликлиника, 50 гектар жерге сейил бак, спорт жана балдар аянтчалары, жашыл зоналар курулат. Мындан тышкары 85 чакырым ички жол, 50 чакырым тротуар, жана 30 миңден ашуун унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар болот.
Курулуш толугу менен заманбап жана коопсуз технологиялар менен жүргүзүлөт, монолиттик темир-бетон каркас, энергия үнөмдөөчү фасаддар, LED жарыктандыруу, сапаттуу инженердик системалар жана өрт коопсуздугунун бардык талаптары камсыздалат. Шаарчадагы курулуштар 8–9 баллдык сейсмикалык аймак үчүн стандарттарга толук жооп берет. Ошентип, борбор калааны, ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин бакубатчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, күч-аракетибизди жумшап келебиз.
Өлкөбүздүн куттуу борбору Бишкек шаарын келечек муундарга өнүккөн шаар катары калтыралы деген илгери үмүт-тилек менен ушул шаарчанын курулушун түптөп жатабыз. Өзүңүздөр байкагандай, бул комплекс чөлкөмдөгү эң ири курулуш долбоору болуп саналат. Буюрса, комплекстин курулушу бүтүп, эл көчүп келсе, жаңы дем, жаңы чөйрө, жаңы маданияттагы өзүнчө бир шаарчага айланары турган иш.
Азыркы учурда 200 миңден ашуун жараныбыз турак жайга муктаж экенин эске алганыбызда, мындай ири долбоор мезгилдин талабы! Биз калкыбыздын муктаждыгын канааттандырмайынча, элибиздин батасын алмайынча өнүгүүбүз кыйын. “Алтай” долбоору – дал ошол муктаждыкты канааттандырып, элдин батасына арзыйт деген бекем ишенимдемин.
Бүгүн мени бул долбоордун өзүбүздүн кыргызстандык инвесторлор тарабынан иштелип чыгып, ишке ашырылганы жатканы абдан кубандырууда. Ата мекендик ишкерлерибиздин эмгегин өз элине арнап, өз жеринин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуп, келечек муундар жашай турган шаарчаны курууга белсенгени – атуулдук парздын бийик үлгүсү.
Мындай эр-азаматтарыбызды колдоп, алардын демине дем кошуубуз керек. Мамлекет менен бизнес кол кармашып, бир максатты көздөө менен иштегенде гана өнүккөн мамлекет курулат.
Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү темпинен артта калбоого аракет кылалы, алдыга умтулалы. Өлкөбүздү жаңы тепкичке чыгара турган “Алтай” сыяктуу ири долбоорлорду колдоп, сүрөөгө алалы.
Мына ушундай шаарчанын курулушуна мезгил кутусуна салуу менен биз кийинки муундарга жаркын келечек, жаңы турмуштун демин камдап жатабыз. Алар биздин ар бир аракетибизге баа берип, ыраазы болуп, кийинки муунга кам көргөндөрдү сыймык менен айта тургандай болсун.
Айкөл Манас атабыздын киндик каны тамган ыйык жердин атын көтөрүп, “Алтай” атанган шаарча ылайым бакубатчылыктын, ынтымактын очогу болсун! Ата Мекендик ишкерлерибиздин аракети арта берсин, баштаган ар бир кадамы жемиштүү болсун!" - деген мамлекет башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















