"19-кылымда отурмаксыз". Садыр Жапаров "свет өчүп жатат" деп кыйкырган кишиге жооп берди
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушуна старт бергенден кийин эл менен жолугушуу өткөрдү.
Анда чогулгандардын арасынан бири "Садыр Нуркожоевич, свет өчүп жатат!" деп кыйкыра суроо узатты. Мамлекет башчысы аны жанына чакырып, электр энергиясындагы таңкыстык тууралуу кенен түшүндүрмө берди.
"Эгерде биз 5 жылда тиешелүү иштерди жасабаганда сиз азыр свети жок, илгерки 19-кылымда отурмаксыз. Анткени 1950-60-жылдары салынган ГЭСтер бир да оңдоодон өткөн эмес. Мен бийликке келгенде катастрофалык абалга келип калган экен. Анан "күн-түн дебей иштейли" деп туруп, 4 жылда бүт жаңылап бүттүк. Жаңы 28 ГЭСти ишке киргиздик.
Эгерде мен мурункулардай болуп курулуштарды салдырбасам, анда свет жетип жүрө бермекпиз. Мен электр энергиясы боюнча элге жакшы эле түшүндүрүп айттым окшойт, маектерди деле берип жатам", - деди Жапаров.
Президент 2028-жылы өлкө электр энергиясына болгон тартыштыктан чыгарын кошумчалады.
"19-кылымда отурмаксыз". Садыр Жапаров "свет өчүп жатат" деп кыйкырган кишиге жооп берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















