Жогорку Сот депутаттыкка талапкерлер боюнча жазылган арызды четке какты
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Сот анын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын канааттандырбаганын билдирди.
"Шайлоо толук мыйзамсыз, Конституцияга каршы болуп калганы белгилүү болду. Анткени Конституциялык мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз тилин билиши керек деген норма бар. Тилекке каршы, БШК "Кыргызтест" аркылуу тесттерди өткөргөн жок. Ошондуктан сотко кайрылганбыз. Жогорку Сот бүгүн карап, кыргыз тилин билбесе эч нерсе болбойт деген чечим чыгарып койду. Бирок бул мыйзамга каршы келип жатат.
Бизде көп киши мекенчил болуп сүйлөйт. "Кыргызтесттин" жетекчилери бар, Мамлекеттик тил комиссиясы бар. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев азыр Тургунбек уулу болуп калган. Өзү ушул мыйзамды кабыл алган болчу. Бирок бул мыйзам эмне үчүн иштебей жатат деген маселени көтөрбөй жатышат? Бул мыйзам мага эле керекпи? Бул уят эле иш", - деди ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда.
Буга чейин Султанбеков Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын кабыл алганын билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерине кыргыз тилин билүүсүн текшерген тест өткөрүлбөгөнүн белгилеген.
Жогорку сот депутаттыкка талапкерлер боюнча жазылган арызды четке какты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















