super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Борбор Азия өлкөлөрү ЖОЖ дипломдорун таанууну макулдашууда

 

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү жогорку окуу жайлары берген дипломдорду өз ара таануу тууралуу макулдашууга келишти. 12-ноябрда Казакстан бийлиги бул өкмөттөр аралык келишимди расмий жактырганын казак басылмалары жазышууда.

Макулдашууга ылайык, беш өлкөнүн ичиндеги аккредитациядан өткөн жана мыйзамдуу иштеген университеттердин дипломдору таанылат. Бирок диплом ээсинин алган квалификациясы жалпы талаптарга жооп бериши керек. Эгер олуттуу айырмачылыктар табылса, таануудан баш тартууга уруксат берилет.

Дипломду таануу башка Борбор Азия өлкөлөрүндө ишке орношууда, тажрыйба өтүүдө же окууну улантууда колдонулат.

Казакстан дүйнөлүк рейтингдин топ-1000ине кирген гана университеттердин дипломдорун тааный тургандыгын билдирип (QS, THE, ARWU), шарт койду. Калган төрт өлкө региондогу бардык ЖОЖдордун дипломдорун кабыл алууга макул.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: