Зеленский АКШнын жаңы тынчтык планы боюнча билдирүү жасабай турганын айтты
Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын делегациясы менен жолугушуудан кийин АКШнын жаңы тынчтык планы боюнча иштер уланарын, ал эми Украина азырынча ал тууралуу кескин билдирүүлөрдү жасабай турганын айтты.
Зеленский кечээ украиналыктарга кайрылып, америкалык делегацияга Украина үчүн эмнелер негизги принцип экенин түшүндүргөнүн билдирди.
Анын айтымында, Украинага өлкөнүн эгемендигин алсыратпаган жана Орусиянын жаңы басып кирүүсүнө шарт түзбөгөн тынчтык келишими керек.
"Биз катуу билдирүүлөрдү жасабайбыз жана Украина, Америка Кошмо Штаттары, ошондой эле Европадагы жана дүйнөдөгү досторубуз, өнөктөштөрүбүз менен так, чынчыл иштөөгө умтулабыз", — деди президент.
Ал жакынкы убакта АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө үмүттөнүп жатканын кошумчалады.
"Биз Америка күчү жана Американын колдоосу тынчтыкты чындап жакындата аларын түшүнөбүз жана биз муну жоготкубуз келбейт", — деди Зеленский.
АКШнын жаңы тынчтык планы тууралуу акыркы эки күндө бир нече батыш басылмалары анонимдүү булактарга таянып жазышты. Алардын маалыматы боюнча, пландын негизги пункттары Москва коюп жаткан максималисттик талаптардын тизмеси сыяктуу көрүнөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















