Өкмөт өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын запасы жетиштүү экенин билдирди
Өлкөнү күйүүчү-майлоочу майдын запасы жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштери Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар.
"Өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында Беларусь, Азербайжан жана Казакстан мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















