АКШдагы сот Вашингтондо Улуттук гвардиянын аскерлерин убактылуу жайгаштырууга тыюу салды
Колумбия округунун федералдык судьясы Дональд Трамптын администрациясына Вашингтондун көчөлөрүндө 2 миңден ашык Улуттук гвардия аскерин жайгаштырууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.
Улуттук гвардиянын Вашингтондо жайгаштырылышы август айында башталган. Президент администрациясынын чечими 11-декабрга чейин токтотулду. Ушул убакытка чейин Ак үй апелляция берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Сот шаардык бийликтин аргументине кошулуп, аскерлерди жайгаштыруу алардын ыйгарым укуктарына зыян келтире турганын айтты.
Соттук чечимде белгиленгендей, АКШ президентинин чечими бир нече себеп боюнча мыйзамсыз болуп саналат. Анда президенттин Колумбия округунун Улуттук гвардиясынын үстүнөн толук көзөмөл орнотуу боюнча ыйгарым укуктарынын чектелгендиги жана шаардын өзүн-өзү башкаруу укуктарына байланышкан тынчсыздануулар бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















