Чүйдө жер адиси ири суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды
Чүйдө жер адиси ири суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине 60 жаштагы Х.Р. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын февраль айында айыл өкмөтүнүн кызматкери М.У. жер тилкесине тиешелүү документтерди жасап берем деп убада берип, анын уулу Х.А.дан 375 миң сом алганын билдирген. Анын айтымында, кызматкер убаданы аткарбай, документтерди даярдабай, акчаны да кайтарбай жүргөн.
Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши ачылды. Тергөөдө М.У. мурда Аламүдүн райондук айыл өкмөтүндө жер жана айыл чарба адиси болуп иштегени, учурда Ысык-Ата районунда жер адиси болуп эмгектенип жатканы такталды.
2025-жылдын 19-ноябрында ал кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Райондук сот анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечимин чыгарды. Иш боюнча тергөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















