Бири милиция кызматкери... Ысык-Көлдө ток менен балык кармагандар кармалды (видео)
Ысык-Көл облусунда ток менен балык кармаганга шектүү төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрда түнкү саат 02:30 чамасында райондук жана облустук милиция кызматкерлери Григорьевка айылындагы көлдөн ток менен балык уулоого аракет кылып жаткан төрт жаран кармалган. Алар Бостери айылынын тургундары 1982-жылы туулган Д.Р., 1983-жылы туулган А.Н., 1988-жылы туулган Ш.Э. жана 1987-жылы туулган Т.А. экени аныкталган.
"Кармалгандардын бири ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты. Алардын жанынан 7 даана форель балыгы, аккумулятор, колго жасалган сууга ток берүүчү каражат, фонарик жана балыкты сүзүп алуу үчүн колдонулган электр жабдуусу табылып, далил зат катары алынды", - деп билдирет милиция.
Кармалган жарандардын турак жайларында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда биринин үйүнөн 20 даана форель балыгы, 14 даана ок-дары табылган жана дагы биринин үйүнөн жапайы жаныбардын мүйүздөрү табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө уланууда.
Ысык-Көлдө ток менен балык кармагандар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















