super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Густав Климттин сүрөтү рекорддук суммага сатылды

 

Густав Климттин "Элизабет Ледерердин портрети" аталышындагы сүрөтү Нью-Йоркто 236,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.

Sotheby’s аукцион үйүнүн маалыматына караганда, сатуу 20 мүнөткө созулган. Сүрөттү кимдин сатып алганы ачык айтылган жок.

Sotheby’s портретти "көз карандысыз заманбап искусство тарыхындагы эң кымбат чыгарма" деп атады.

Густав Климт аукциондордун тарыхында Леонардо да Винчиден гана артта калган, 2017-жылы анын "Дүйнөнүн куткаруучусу" сүрөтү 450 миллион долларга сатылган.

Густав Климттин сүрөтүндө өнөрпоздун негизги демөөрчүлөрүнүн бири болгон Аугуст Ледерердин кызы Элизабет Ледерер көрсөтүлгөн. Кыз ак кийимчен, кытай стилиндеги элементтер менен тартылган.

Сүрөт 1914–1916-жылдары тартылган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда сүрөт фашисттер тарабынан конфискацияланган, бирок кийинчерээк Ледерерлер үй-бүлөсүнө кайтарылган. Акыркы жылдары сүрөт Estée Lauder компаниясынын мураскери Леонард Аланд Лаудердин коллекциясына кирген, ал 2025-жылдын июнунда каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: