Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараж ишке берилди (фото)
Бүгүн, 21-ноябрда капиталдык ремонттон өткөрүлгөн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараждын ачылышы болуп, ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн башчысынын биринчи орун басары Ильяз Ташбаев жана тиешелүү тармактын кызматкерлери катышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу менен келген учурда каралбай, таланып-тонолгон, союз кезинде курулган бойдон оңдолбогон объектти көргөн. Ичинде жана сыртында жеке устаканалар иштеп, гаражда эски унаалар таштандылар менен аралашып жатканына күбө болгон.
Мындан улам облустун балансындагы бул автогаражды мэрдин демилгеси менен мэриянын карамагына алуу боюнча Министрлер кабинетине кат жазылып, натыйжада толугу менен Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлдү. Андан соң дароо оңдоп-түзөө иштери башталып, кароосуз калган автогараж толугу менен жаңыланды.
"Ичи эле эмес, сыртынан бери 100% өзгөрдү. Кире бериш дарбазасы, тосмолору жаңыдан жасалып, асфальт төшөлдү. Ошондой эле мурда жаан-чачында суу өткөн чатыры да жабылды. Ичиндеги унаа жуучу жай, оңдоп-түзөө үчүн мастердик бөлмө, айдоочулар үчүн жуунуучу жайдан тарта, ажатканасынан бери оңдолду",-деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл Оштогу муниципалдык коммуналдык кызматтар жаңы техникалар менен толукталды. Аны менен катар мэрдин орун басарларына, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине, МАБдардын башчыларына жана бир нече бөлүмдөргө кызматтык унаалар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















