Кыргызстандык балбандар бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту (фото)
19-20-ноябрь күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандын курама командасы байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Толубай Шүкүров жана 100 килограмм салмак ченинде таймашкан Баяман Мыктыбеков 3-орунду алышып, коло байгеге ээ болушту.
Ал эми +100 килограмм салмак категориясында күрөшкөн Бактияр Мирлан уулу 2-орунду алып, күмүш медаль жеңди.
Маалым болгондой, бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Дүйнө кубогу бел боо күрөшү боюнча Дүйнөлүк жана Бүткүл орусиялык федерациялардын негиздөөчүсү Риф Гайнановдун жаркын элесине арналды.
Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 150 балбан, ошондой эле Италия, Беларус, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандан келген эл аралык бел боо күрөшү жана улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациялардын делегациялары катышты.
Белгилей кетсек, улуттук курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилигинде катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















