Орусия мигранттарга милдеттүү медициналык полисин алууну татаалдаштырууда
Орусияда 5 жылдан кем иштеген мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси берилбейт. Бул тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада депутаттардын колдоосун тапты.
Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, ага ылайык эмгек мигранттары өлкөдө кеминде беш жыл мыйзамдуу иштеши керек. Мурда бул мөөнөт үч жыл болчу. Мыйзам чукул кырдаалдарда, жогорку квалификациялуу адистерге жана ДСУ мүчө өлкөлөрдүн компанияларынын Орусиядагы филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана туунду компанияларында иштеген мигранттарга колдонулбайт.
Мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси — бул мамлекеттик социалдык программа алкагында акысыз медициналык жардам алуу укугун тастыктаган документ. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















