22-январда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгы белгиленет

22-январда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу аталган уюмдун кеңешинин башчысы Бектемир Мурзубраимов кабарлады.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, ассамблеянын 20 жылдык мааракесине карата бир нече иш-чаралар жүргүзүлдү. Даярдоо иштердин натыйжасында мамлекеттик жана чет тилдерди үйрөткөн "Тил борбору" ачылды жана маалымат стенддери даярдалды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылы 21-22-январда уюштурулган. Бүгүнкү күндө ассамблеяга 28 этникалык уюмдар кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

