Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды
Кадыр Досонов ("Женго" каймана аты менен белгилүү) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1976-жылы туулган Г.Ш. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал аффилирленген адамдар аркылуу "Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, ал аталган уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалганы аныкталган.
"Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 чарчы метр аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Тергөө уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















