Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломдорун таануу боюнча Билим министрлиги жооп берди
Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломдорун өз ара таануу жөнүндөгү макулдашууга азырынча тараптар кол коё элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, азыр өкмөттөр аралык келишимдин үстүндө иштөө аракеттери жүрүүдө.
"Казакстан долбоорду өзүндө жактырды. Кыргызстан ички мамлекеттик макулдашуу процедураларын азырынча жүргүзгө элек. Ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен келишимдердин үстүнөн иштөө аяктагандан кийин документ кол коюуга чыгарылат. Бул багытта Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикистан да бар", - деп белгиленген министрликтин маалыматында.
Эскерте кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломдорун өз ара таанууну 12-ноябрда Казакстан расмий жактырды. Бирок алар бир нече шарттарды койгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















