"Маданияттын мыкты кызматкери наамынан баш тарткам" дейт актриса Элмира Тагаева (видео)
Белгилүү театр жана кино актрисасы Элмира Тагаева SUPER.KG медиа порталынын кезектеги коногу болду. Маектин жүрүшүндө чыгармачылыгы, үй-бүлөсү жана актриса айымдын балалыгы тууралуу кеп козгодук.
"Менин иштебеген жерим калган жок болуш керек. Үйдөн дагы идиш-аякты аябай жакшы жууйм, анткени студент кезде идиш-аяктарды жууп көп иштедим.
Сыйлык дем берет. Аны эмгектин үзүрү деп билсе болот. Таттыктуу болуп турсаң алыш керек. Бир кездерди Маданияттын мыкты кызматкери наамынын баркы кете түшкөн. Ошол учурда баарына эле бул сыйлык берилип, мага дагы сунуш кылышты, ошондо "жок албай эле коюнчу" деп баш тарткам", - дейт актриса айым.
Маекти толугу менен SUPER.KG медиа порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
10:50
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















