Айсулуунун өлүмү: Кумарбектин мурунку ишин карган судьяларды жоопко тартуу сунушталууда
Судьялар кеңешинде Бишкек шаардык сотунун Б.С., Ж.М. жана А.К. аттуу мурдагы судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга ураксат берүү маселеси каралат. Бул тууралуу маалымат Судьялар кеңешинин бүгүн, 21-ноябрдагы күн тартибинде турат.
Анда аларды жоопкерчиликке тартуу сунушун башкы прокурор бергени айтылат. Маалыматта көрсөтүлгөн ысымдар Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурдагы кылмыштары үчүн жазасын жеңилдеткен үч судьянын, тагыраагы, Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаеванын аттарына туура келет.
Буга чейин Кумарбекке мурдагы кылмышы үчүн өкүм чыгарган Бишкек шаардык судьялардын бири Кайсын Абакиров үн катып, ошол кезде шектүүгө карата өкүм мыйзам чегинде чыгарылганын айткан. Буга өз кезегинде президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берген.
Абакировдун билдирүү жасашына Кумарбек тууралуу жарыяланган материал себеп болгон. Анда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилгени айтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















