super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Индонезияда жер көчкү жүрүп, 30 адам каза болду

 

Индонезиянын Борбордук Ява провинциясында эки аймакта болгон жер көчкүнүн кесепетинен 30 адам каза болуп, издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Reuters өлкөнүн Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу агенттигинин өкүлү Абдул Мухариге таянып кабарлады.

Дагы 40ка жакын адам учурда изделүүдө.

Катуу жааган жамгырдан улам пайда болгон жер көчкүлөр өткөн аптанын аягында Чилакап шаарына жана Банжарнегара районуна түшкөн. Мухаринин айтымында, ондогон үйлөр жабыркаган, 900дөн ашык тургун эвакуацияланган.

"Издөө иштеринде бир катар тоскоолдуктар бар. Айрыкча таштандыларга толгон ылай көлмөлөрү жана тынымсыз агып жаткан суу, бул дагы жаанга байланыштуу жаңы жер көчкүлөрдү пайда кылышы мүмкүн", — деди Абдул Мухари.

Чилакаптагы издөө иштерине полиция жана аскер кызматкерлери кошулуп, кеминде 700 адам тартылган. Иштер кийинки жумага чейин уланары айтылды.

Индонезияда жаан-чачын сезону сентябрда башталган жана метеорологиялык агенттиктин маалыматына караганда, апрелге чейин созулат. Бул өлкөнүн көптөгөн аймактарында сел жана катуу жаан-чачын коркунучун күчөтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: