"Менде эми 4 кызматтык унаа бар". Оштун мэри президент берген унааны көрсөттү
Ош шаарынын мэриясы унаа токтотуучу гараж таанылгыс болуп өзгөргөрүн билдирди.
Аны ишке берүү аземине катышкан калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев гаражда токтоп турган унаалардын арасынан өлкө башчы Садыр Жапаров ага белек кылган унааны көрсөттү.
"Мага президенттибиз кызматтык унаа кылып бергенди айдап жатабыз. Менде эми 4 кызматтык унаа бар", - деди ал.
Эске салсак, Токторбаев 17-сентябрда Бишкекке иш сапары менен келгенде мамлекет башчы ага унаа белек кылган. Белектин алдын президент Токторбаевге катуу сөгүш берген.
Ош шаарынын мэри мындан мурун да өлкө башчыдан унаа алган. Анын ачкычын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырган.
"Менде эми 4 кызматтык унаа бар". Ошун мэри президент берген унааны көрсөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















