super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айсулуунун өлүмү: Кумарбекке мурда жеңил жаза берген судьяларды жоопко тартууга уруксат берилди 

 

Судьялар кеңеши Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурдагы кылмыштары үчүн жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Судьялар кеңешинин сайтындагы маалыматта аларды баш прокурордун Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Опузалап пара алуу", "Пара алууда ортомчулук кылуу", "Пара берүү" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартуу сунушу жактырылганы айтылат.

Мурдараак Судьялар кеңешинде баш прокурордун сунушу каралары маалым болгон.

Буга чейин Кумарбекке мурдагы кылмышы үчүн өкүм чыгарган Бишкек шаардык судьялардын бири Кайсын Абакиров үн катып, ошол кезде шектүүгө карата өкүм мыйзам чегинде чыгарылганын айткан. Буга өз кезегинде президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берген.

Абакировдун билдирүү жасашына Кумарбек тууралуу жарыяланган материал себеп болгон. Анда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилгени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: