Чүйдө курулуш компаниясынын директору кармалды
"Восток Энерго Строй" курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 15-декабрында Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен Ударник айылында суу агымдарын багыттоочу лотокторду куруу боюнча келишим түзгөн. Келишимдин суммасы 3 миллион 772 миң 895 сом болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жумуштар бүткөн эмес жана лотоктор пайдаланууга берилген эмес.
Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчысы тарабынан аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактылары жана башка мыйзам бузуулар аныкталган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 819 миң 580 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















