Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына киргени айтылды
Бишкектеги Ынтымак ордодо Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалды, ЭВФтин кыска мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктарын, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүштү колдоого жана экономикалык саясатты чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашкан.
Данияр Амангелдиев белгилегендей, акыркы жылдары өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасын көрсөтүп жатат, буга ырааттуу реформалар жана артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле өбөлгө болууда. Анын айтымында, акыркы үч жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 9 пайызды түзсө, 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 10 пайызга жеткен.
Ал ошондой эле "2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарында" деген.
ЭВФ өкүлү "Кыргыз Республикасы экспорттоочу экономика болуп баратат" деп белгилеп, Кыргызстандын аймактык экономикалык процесстерге жакшыраак интеграцияланышы туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















