ИИМ Темирлан Султанбеков кармалганын билдирди (видео)
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.Министрлик анын массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөнүн белгиледи.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, Султанбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, ал милицияга жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМ жарыялаган видедон ал белгисиз жаран менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Анда анын бийликти алмаштыруу керектигин, Орусия мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп жатканын айтканын угууга болот.
ИИМ ал белгисиз жарандан акча каражатын сурап кайрылганын белгилеп, төңкөрүш уюштурууну көздөгөн дагы бир катара адамдар менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы кармалганын кошумчалады.
ИИМ Темирлан Султанбеков кармалганын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















