Бүгүн өлкөдө кандай окуялар орун алды?
Бүгүн, 22-ноябрда айрым саясатчылардын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылса, айрым саясатчылар кармалганы кабарланды.
Алгач Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялады. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салды. Ал арада Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү маалым болду.
Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөндөгү видеосун таратты. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылат.
Видедон анын бийликти алмаштыруу керектигин, Орусия мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп жатканын айтканын угууга болот. Материалдын аягында төңкөрүш уюштурууну көздөгөн дагы бир катар адамдар менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы да кармалганы маалымдалган.
Ал арада Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы эртең менен саат 8де кармалганын, учурда суракта экенин билдирди.
Үйүнө күч органдарынын кишилери келгенин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да Facebook баракчасы аркылуу айтып чыкты. Ал өзү ошол маалда үйдө болбогонун белгиледи.
Жоюлуп кеткен финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдөн кармалып, Бишкекке алынып келингени айтылды. Окуядан көп өтпөй эле анын суракка кирип бара жаткандагы видеосу тарады. Анда Жапыкеев комментарий берүүгө жетишип, суракка эмнеге чакырылганын билбей турганын, "Социал-демократтар" партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















