super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Адахан Мадумаровдун сурак берип чыкканы айтылууда

 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров кечээ, 22-ноябрда сурак берип чыкканы айтылууда. Бирок ал кайсы мекемеде болгону азырынча белгисиз.

Буга чейин аталган партиянын Facebook баракчасында 22-ноябрь күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, натыйжада, үйдөгү сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы тууралуу маалымат жарыяланган. Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, саясатчыны укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишкени белгиленген.

Ошондой эле маалыматта, ошол күнү болжол менен саат 15:00дө укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкени кошумчаланган.
Азырынча Адахан Мадумаровдун уулу жана келини тууралуу кошумча маалыматтар айтыла элек. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан расмий маалымат бериле элек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: