Мэрия президентке кайрылган окуучулардын даараткана маселеси боюнча үн катты
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги №37 мектептин окуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылышып, мектептеги даараткана оңдоого муктаж экенин билдирген видео тараган. Анда окуучулар дааратканадагы терезелер ачык, кабиналардын эшиктери жок, раковинанын астынан суу токтобой агып турарын айтышкан.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Билим берүү департаментинин, район администрациясынын, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен бирге аталган мектепке барып, кароо жүргүздү.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Билим берүү департаментинин, район администрациясынын, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен бирге аталган мектепке барып, кароо жүргүздү.
"Кароо учурунда суунун агып кетиши бир гана күндө болгондугу жана ал убактылуу канализациянын бүтөлүшү менен байланышкандыгы такталды. Социалдык тармактарда бул маселе бир ай бою сакталды деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул жагдайды окуучулар да, ата-энелер да тастыкташты", - деп билдирди мэриядан.
Мындан тышкары ал жердеги төмөнкү кемчиликтер жоюлду:
Мындан тышкары ал жердеги төмөнкү кемчиликтер жоюлду:
- канализация толугу менен тазаланды;
- эркектер дааратканасындагы эшиктер калыбына келтирилди (мурун алар тез-тез бузулгандыктан мурдагы жетекчилик тарабынан алынып салынган);
- санитардык бөлмөлөрдө купуялуулукту камсыздоо үчүн терезелерге атайын пленка жабылды.
Мектептин санитардык-тиричилик бөлмөлөрү кадимки режимде иштеп жатат.
Окуучу президентке кайрылгандан кийин мектептеги даараткана оңдолду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















