super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түштүк Африкада өткөн G20 саммити аяктады

 

Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында 22–23-ноябрда өткөн G20 Лидерлер саммити өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, саммитте климаттык каржылоо, карыз жүгүн жеңилдетүү жана маанилүү минералдардан түшкөн кирешени жергиликтүү экономикада калтыруу сыяктуу Глобал Түштүктүн башкы маселелери талкууланды. Иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Франция президенти Эммануэль Макрон, Индия премьери Нарендра Моди жана башка дүйнө лидерлери катышты.

Саммиттин отурумдарында туруктуу жана инклюзивдүү өсүш, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, энергетика, азык-түлүк системаларын бекемдөө жана жасалма интеллекттин дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири талкууланды. Түштүк Африка президенти Сирил Рамафоса кабыл алынган декларация дүйнө элдеринин жашоосун жакшыртууга багытталган конкреттүү аракеттерди камтый турганын айтты.

Саммиттин маанилүү окуяларынын бири — АКШнын бойкотуна карабастан, G20 лидерлеринин жыйынтык билдирүүсүн кабыл алышы болду. Вашингтон климат жана жаңылануучу энергия боюнча пункттарга каршы чыкканына карабай, декларацияда глобалдык жаңжалдарды токтотууга чакырык, климаттык каржылоону күчөтүү жана Африканын өнүгүү артыкчылыктарын дүйнөлүк күн тартибинде борбордук орунга чыгаруу талаптары бекитилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: