Ош мэри айыл элинин маселелерин угуп, кээ бирлерин жеринде чечти
Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Сары-Зоо конушунун жашоочулары Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге айылдын бир канча көйгөйлөрү боюнча кат жүзүндө кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ошондой эле мэр жашоочуларды кабыл алып, көйгөйлөрүн уккан. Калаа башчы айтылган маселелерди жеринен чечүү үчүн тийиштүү кызматтар менен барарын айткан.
Ага ылайык, Жеңишбек Токторбаев жана шаардагы тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери Сары-Зоо айылынын жашоочулары менен жеринде жолугушуп, жыйын өткөрдү.
Жыйында жергиликтүү жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Негизги маселе катары – таза суунун жоктугун, жолдордун абалынын начардыгын, социалдык көйгөйлөрдүн көптүгүн белгилешти. Балдары бала бакчага, мектепке барууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын, коомдук маршруттук каттамдардын аздыгы боюнча маселелерди көтөрүштү.
Алардын суроолоруна мэр жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп берди жана кээ бир көйгөйлөрдү ордунда чечишти.
Алсак, мэр бүгүн, дүйшөмбү күнү мектепке каттаган балдар үчүн бир автобус жана 18 орундуу кичи маршрут белек кыларын айткан. Ошондой эле айылды негизги жол менен бириктирген көчөгө көпүрө куруп, жолду кеңейтип бермей болду.
Жыйындын соңунда тиешелүү мекеме-ишканаларга өздөрүнө тиешелүү жумуштарды алып баруу тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















