super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сүлүктүдө маданий борбор комплекси ачылды 

 
Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндө жаштарды маданий жактан өнүктүрүү, тийиштүү шарттарды түзүү жана колдоо максатында 66 миллион сомдук “Маданий борбор комплекси” долбоору ишке ашты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Мекеменин ачылуу аземине облус Айбек Шаменов, маданият,маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Сүлүктү шаарыны мэри баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышты.
Айбек Шаменов, шаар тургундарын бул саамалык менен куттуктап, бул борбор келечек муун болгон жаштардын жөндөмүн, талантын өнүктүрүүгө зор өбөлгө болуусуна ишеничин билдирди.
Маданий борборго өлкөнүн Билим берүүсүнүн мыктысы, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген кызматкери Увадат Сабурованын ысымы ыйгарылды. Курулушка 2023-жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 миллион сомдун эсебинен 50 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом каржыланган.
Учурда жаңы имаратка шаардык тарых музей, борборлоштурулган китепкана тармагы, балдар китепканасы жана шаардык балдар искусство мектептери комплекстүү жайгаштырылды.
Маданият министрлиги тарабынан оргтехника, элдик аспаптар, эмеректер алынып берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен улуттук кийимдер алынды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: